Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:34

Армениянын өкмөт башчысы Орусиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери менен Тоолуу Карабактагы акыбал тууралуу сүйлөштү


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ереван. 2020-жылдын 21-ноябры.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу менен Орусиянын арачылыгы астында жүзөгө ашырылып жаткан ок атышууларды токтотуу жүрүмүн талкуулоо үчүн жолугушту.

Армян премьеринин кеңсесинен кабарлашкандай, 21-ноябрдагы бул жолугушуу маалында Пашинян соңку согуштук жаңжал маалында Орусиянын расмий колдоосун, өзгөчө орус президенти Владимир Путиндин жекече колдоосун ар дайым сезгендигин баса белгилеп айткан.

Сергей Шойгу болсо 9-ноябрда үч тараптуу билдирүүгө кол коюлгандан бери Азербайжандагы жикчил Тоолуу Карабак аймагынын дээрлик бардык бөлүгүнө орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрү жайгаштырылып бүткөнүн билдирди. "Жалпысынан 23 көзөмөл бекети жайгаштырылды. Биз Степанакертке кетчү кан жолго байкоо жүргүзүп жатабыз", - деди Шойгу. Армяндар Степанакерт атаган Тоолуу Карабактагы башкы шаарды азербайжандар Ханкенди деп аташат.

Еревандагы расмий жолугушуудан кийин Орусиянын өкүлдөрү Баку шаарына жөнөп кетишти. Мында алар Азербайжандын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Орусиянын делегациясынын курамында Лавров менен Шойгудан башка да вице-премьерлер Алексей Оверчук менен Александр Новак, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, Орусиянын саламаттык сактоо жана кардарлар укугу боюнча Федерациялык кызматынын башчысы Анна Попова да бар. Александр Новак мунайзат жана жаратылыш газы тармактары боюнча жооптуу вице-премьер экени маалым.

Ал эми Азербайжандын президенти Илхам Алиев тынчтык макулдашуусунун шарттарына ылайык Азербайжандын аскерлери жикчил Тоолуу Карабактын түндүк-чыгышындагы Агдам районун толук көзөмөлдөп калганын жума күнү жарыялады.

Өлкөнүн тоолуу Келбажар району 25-ноябрда Азербайжандын аскерлерине өткөрүлүп берилмекчи. Армяндар дагы эле көзөмөлдөп жаткан Лачин району 1-декабрга карата Азербайжанга өткөрүлүп берилет. Орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрү Лачин районундагы жикчил Тоолуу Карабактан Арменияга кетчү канжол жайгашкан узундугу 5 чакырымдай өткөөлдү көзөмөл кылууну кийин уланта бермекчи.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG