Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:24

Бишкекте "Баш мыйзам үчүн!" тынчтык жүрүшү башталды


Акцияга келген айрым катышуучулар.
Акцияга келген айрым катышуучулар.

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшүнө чыгышты. "Азаттыктын"кабарчысынын айтымында, ага болжол менен 200дөй адам катышууда.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, ушул өңүттө кыргызча жана орусча чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Иш-чараны добулбас ургандар да коштоп атышат.

Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка жөө жүрүш менен бара жатышат.

Катышуучулар "Биз бийликти узурпациялоого, мыйзамсыздыкка жана мыйзамсыздыкка каршыбыз!" деген ураандын астында биригишкен.

Акцияга Жогорку Кеңештин депутаты, президенттик шайлоого ат салышарын билдирген Каныбек Иманалиев, мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев да катышууда.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылып, тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришти.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес.

Ал социалдык тармактарындагы баракчаларында «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деген пикирин жазган.

Долбоорду 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулоого киришкен. (SE\AiB)

XS
SM
MD
LG