Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды


Элчибек Жантаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү.
Элчибек Жантаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады. Анын айтымында, жол кырсыгы 23-ноябрда эртең мененки саат 8:30да Бишкек-Торугарт автожолунун 156-чакырымында болгон. Анда «Тойота Лендкрузер Прадо» маркасындагы кызматтык автоунааны айдап бара жаткан 24 жаштагы адам рулга ээ боло албай, ала салып кеткен.

Автоунаада кетип бара жаткан жүргүнчү, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев алган жаракаттарынан улам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Элчибек Жантаевдин абалы жакшы, саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин «Азаттыкка» өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуяны Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү каттоого алып, автотехникалык экспертиза дайындалды. Жол кырсыгынын себептери аныкталууда.

Элчибек Жантаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп 2-ноябрда дайындалган. 47 жаштагы Элчибек Жантаев ушул жылдын июль айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. (KS)

XS
SM
MD
LG