Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Сыдыкова: Сот төрагасын дайындоо тоталитардык башкаруу коркунучун жаратат


Лейла Сыдыкова, юридика илимдеринин доктору.
Лейла Сыдыкова, юридика илимдеринин доктору.

Президентке Жогорку соттун жетекчилигин дайындоо укугу берилсе, Кыргызстанда тоталитардык башкарууга жол ачылышы ыктымал. Мындай пикирин 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында сүйлөп жатып анын мүчөсү, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин проректору, юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова билдирди:

«Дайындоо - менимче, тоталитардык, коррупциялык нерсе. Ал эми шайлоо ыкмасы болсо, судьялар төрагасын өзү шайлап алышса жакшы. Азыркы норма ошондой жана ага каршы эч ким арызданган деле эмес. Мындай жетишкендиктерди жана баалуулуктарды бузбай, сактап калыш керек».

Сотторду шайлоо жана дайындоо тууралуу жоболор Конституциянын жаңы долбоорунун 84-беренесинде жазылган.

Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда чыгарган. 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзүлүп, коомдук талкууга коюлган долбоор талкуулана баштады.

Акыркы жолу Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү 2010-жылы киргизилген. Ага ылайык, Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан төрагасын, төраганын орун басарларын үч жылдык мөөнөткө шайлайт.

Жаңы долбоордо «президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт» деп жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG