Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

УКМК: Кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахметов тергөө бүткүчө камакта болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кылмыш дүйнөсүндө «Чач» деген каймана аты менен таанымал, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедов тергөө иштери аяктаганга чейинки мөөнөткө камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 22-ноябрда чыгарганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 24-ноябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедов 20-ноябрда кармалган. УКМК учурда анын кылмыш иштерине катышын иликтеп жатат.

УКМК октябрь-ноябрь айларында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдоодо. Эки ай аралыгында кылмыштуу топтун он чакты мүчөсү кармалганы кабарланган. Алардын бири - «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев. (ZKo)

XS
SM
MD
LG