Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Бишкекте кызытмага каршы семинар өттү


Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алкагында кызытмага (допинг) каршы семинар өттү. 25-ноябрь, 2020-жыл.
Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алкагында кызытмага (допинг) каршы семинар өттү. 25-ноябрь, 2020-жыл.

25-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алкагында кызытмага (допинг) каршы семинар өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Окууга 20дан ашык машыктыруучу, калыстар, Кыргызстандын Бокс федерациясынын өкүлдөрү катышты. Аларга Допингге каршы эл аралык конвенция, допингге каршы эрежелерди бузуунун түрлөрү, эрежелерди бузгандыгы үчүн санкциялар жана допинг-көзөмөл жөнүндө маалымат берилди.

Семинарды Кызытмага каршы улуттук борбор уюштурган. 2020-жылы август айында Кыргызстанда Кызытмага каршы улуттук борбор түзүлгөн.

2016-жылы кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон. Бирок кызытма колдонду деген жүйө менен жеңиши жокко чыгарылган. Артыков өзү таза экенин билдирген. Кызытмага каршы эл аралык агенттик (WADA) быйыл күзүндө Кыргызстанда жыйын өткөрүп, ага 50гө жакын өлкөнүн спорт министрлерин чакырууну пландаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG