Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

Бишкекте жаш театр ишмерлеринин алгачкы форуму өтөт

Кыргыз театр маданиятынын тарыхында алгачкы жолу I Республикалык жаш театр ишмерлеринин «Жаратман - 2020» форуму өтөт. Иш-чара 27-ноябрда кечки саат беште башталарын Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын өкүлдөрү маалымдашты.

«Форум онлайн форматта өтөт жана бир жумага созулат. Максаты - жаш муундардын билимин тереңдетүү, театр искусствосун өркүндөтүү. Алдыңкы театр чеберлери билими, тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү»,- деди долбоордун демилгечиси Назым Мендебаиров.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры чогуу уюштурууда. (SE)


 

XS
SM
MD
LG