Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Оштогу клиникалык ооруканада жүрөккө татаал операция жасалды


Ош облус аралык клиникалык ооруканасындагы жүрөккө өзгөчө операция жасоо учуру. 27-ноябрь, 2020-жыл. (Сүрөт өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө таандык).

Оштогу облус аралык клиникалык ооруканасынын хирургдары орусиялык дарыгерлер менен кошо жүрөктүн клапандарын алмаштыруу боюнча өзгөчө оор операция жасашты. Бүгүн, 27-ноябрда Орусиянын Е.Н. Мешалкин атындагы медициналык илим изилдөө борборунун дарыгери Олег Крестьянинов менен кошо 86 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө операция жасалды.

Оорукана жетекчисинин орун басары Канатбек Ашировдун маалыматына караганда, улгайган курактагы адамдын жүрөк клапандарын алмаштыруу оңой болмок эмес, бирок чогуу жүргүзүлгөн операция ийгиликтүү аяктады. Операциянын уникалдуулугу - жүрөктүн иштешин токтотпой туруп жасалгандыгында.

Канатбек Ашировдун айтымында, орусиялык дарыгерлер Ошко келип, жүрөк, кан тамыр оорулуу адамдарга зарыл операцияларды жасап жүрүшөт.

Кыргызстанда жүрөк, кан тамыр ооруларынан каза болгондор жалпы өлүм-житимдин жарымына барабар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG