Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Бишкектин четинде кичи автобус аңтарылып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын четинде, Чоң-Арык айылынын жанында жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус кырсыкка кабылды. Бул тууралуу @korochekg "Телеграм" каналы кабарлап, аңтарылып кеткен транспорттун видеосун жарыялады.

Анда жазылгандай, кырсык 28-ноябрдын таңында катталды.

Видеодо кырсыктын күбөлөрү жабырлануучуларды автобустан чыгарып жатканы көрүнүп турат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын маалыматына караганда, 2020-жылдын тогуз айында 4184 жол кырсыгы катталып, жалпысынан 496 адам каза болду, 6271 адам ар кандай жараат алды. Былтыр ушул эле мөөнөт аралыгында 4 691 кырсык катталып, 529 адам көз жумган. (ErN)

XS
SM
MD
LG