Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:38

АКШ жана Европа майрамдан кийин COVID-19 жайылышы мүмкүн деп кооптонууда


АКШдагы COVID-19 сынагынан өтүү жайындагы автоунаалар кезеги. Милуоки, Висконсин штаты. 2020-жылдын 5-ноябры (дрон аркылуу тартылган көрүнүш).
АКШдагы COVID-19 сынагынан өтүү жайындагы автоунаалар кезеги. Милуоки, Висконсин штаты. 2020-жылдын 5-ноябры (дрон аркылуу тартылган көрүнүш).

Кошмо Штаттар жана Батыш Европанын өкмөттөрү "Ыраазылык билдирүү" күнүнөн кийин коронавируска чалдыккандардын жаңы толкунун пайда болушу мүмкүн деп кооптонуп турушат.

26-ноябрда белгиленген бул майрамда алдын ала эскертүүгө карабастан миллиондогон кишилер жакындарын куттуктоо үчүн саякатка чыгышкан.

Мусулмандарда пайгамбар катары каралган, христиандарда кудай саналган Ыйсанын туулган күнүнө карата соода кескин жанданат, жакындардын келим-кетими көбөйөт. Бирок бул майрамга карата Европанын көп өкмөттөрү карантин шарттарын кыйла жеңилдетүүгө белсенүүдө.

Испания, Британия, Франция сыяктуу өлкөлөрдө соңку учурларда кайра киргизилген кыйла чектөөлөр майнаптуу болгондугу маалымдалды.

Орусияда коронавируска чалдыккандар кескин көбөйүп жатканына карабастан, расмий Москва жаңы кырдаалда карантиндик чектөөлөргө барган жок.

Орусияда акыркы эки күндө катары менен жаңы 27 миңден ашуун кишиден коронавирус табылгандыгы, акыркы бир күндө 510 киши кайтыш болгону маалымдалды. Жалпысынан өлкөдө 2 242 633 киши бул илдетке чалдыккан. Өлкөдө “Sputnik-V” аттуу вакцина үчүнчү баскычтагы сынактан натыйжалуу өткөнү тастыкталды.

Ал эми Австралиянын Виктория штатында чектөө киргизилген 2-августтан бери кыйла жылыштар болду. Бул штатта акыркы 28 күндөн бери бир дагы коронавируска кабылуу учуру жана анын айынан өлүм катталган жок. Эми 28-октябрдан бери бул аймакта чектөөлөрдүн бир тобу алынып салынды. (TT)

XS
SM
MD
LG