Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Британия менен Евробиримдик Брекзитти келишим аркылуу жөндөп аяктоого умтулууда


Европа Биримдигинин Брекзит жаатында сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүлү Мишель Барнье менен британ өкмөт башчысынын Европа иштери боюнча кеңешчиси Дэвид Фрост. 2020.
Европа Биримдигинин Брекзит жаатында сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүлү Мишель Барнье менен британ өкмөт башчысынын Европа иштери боюнча кеңешчиси Дэвид Фрост. 2020.

Европа Биримдигинин Брекзит жаатында сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүлү Мишель Барнье Лондонго келди. Ал 28-ноябрда Британия менен Евробиримдиктин 31-декабрдан кийинки алакаларынын тагдыры боюнча британдык сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүл Дэвид Фростко жолугат.

Барнье да, Фрост да сүйлөшүүлөрдүн майнаптуу аякташынан алдын ала күмөн санап турушат. Талкуулана турган негизги көйгөйлөрдүн арасында балык уулоо, мамлекеттик көмөк кылуу жаатындагы жана Британиянын Брекзиттеги өткөөл доору аяктаганга чейин талаш-тартыштардын башка да олуттуу мерчемдерин чечип алуу маселелери бар.

Эгерде Британия менен Евробиримдик тиешелүү келишимге жетише албай калса, анда 2021-жылдын 1-январынан тартып чек араларда жана баалуу кагаз базарларында башаламандык өкүм сүрүшү, бүткүл Европа боюнча жана андан сырткаркы жактарда жүк ташуу чынжырынын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Британия Евробиримдиктен быйыл 31-январда чыккан, бирок өткөөл мезгилде анын Евробиримдик менен соода алакалары мурдагыдай шартта улантылып келген болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG