Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

«Ассанабил» фонду Жалал-Абадда «Бахрейн» деген шаарча кура баштады


 «Ассанабил» кайрымдуулук фонду куруп жаткан мектептин курулуша капсула салуу аземи. 29-ноябрь, 2020-жыл.
«Ассанабил» кайрымдуулук фонду куруп жаткан мектептин курулуша капсула салуу аземи. 29-ноябрь, 2020-жыл.

Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фонду Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда «Бахрейн» деп аталган жаңы шаарча кура баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Бүгүн, 29-ноябрда шаарчадагы алгач социалдык объект болгон мектептин пайдубалына капсула салынды. Ага жергиликтүү жетекчилер жана «Ассанабил» фондунун жетекчиси Саид Баюми жана шаар тургундары катышты.

Фонд бул аймакта мектептен сырткары бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер пунктун, мечит жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жайларды куруп бермекчи. Курулуш иштерин толугу менен бир жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.

Долбоордун алкагында салынып жаткан чакан шаарча үчүн мэрия 1.25 гектар жер аянтын бөлүп берген.

«Ассанабил» кайрымдуулук фонду буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарына 40тай мектеп, 20-30дай медпункт курганы белгилүү. (ErN\TB)

XS
SM
MD
LG