Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Чет өлкөгө билим алуу үчүн демөөрчү таап берген уюм ачылды


Уюмду түптөгөн Хабиб Арзыкулов (сол жакта) жана Алмаз Арапов.
Уюмду түптөгөн Хабиб Арзыкулов (сол жакта) жана Алмаз Арапов.

Чет өлкөгө барып билим алууга каражаты жок мыкты окуган жаштарга демөөрчүлөрдү таап берүү максатында GEF (Global Education Foundation) аталган коммерциялык эмес уюм түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмду түптөгөн Хабиб Арзыкулов билдирди.

“2021-окуу жылынан баштап, бир канча окуучуну демөөрчүлөрүбүздүн колдоосу менен Американын жана Европанын окуу жайларына жиберели деп пландап жатабыз. Алдыдагы күндөрдө шарттарыбыз жана програмаларыбыз жөнүндө кененирээк маалымат беребиз”, - деди Арзыкулов.

Уюмдун дагы бир негиздөөчүсү Алмаз Арапов чет өлкөлүк компанияларда иштейт жана Кыргызстанда билим берүү жаатында долбоорлорду ишке ашырып келет. Ал эми Хабиб Арзыкулов – буга чейин “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фондусун жетектеп, өспүрүмдөрдүн билим алуусу боюнча бир нече долбоорду ишке ашырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG