Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Сот Сафроновдун тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы узартты


Иван Сафронов ушул жылдын июль айында камакка алынган.
Иван Сафронов ушул жылдын июль айында камакка алынган.

Москва шаарындагы Лефортов райондук соту «мамлекетке чыккынчылык кылган» деп айып коюлган мурдагы журналист Иван Сафроновдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 7-мартка чейин узартты. Бөгөт чарасын караган судья ага кепилдик берген ондогон адамдын катын эске алуудан баш тартты.

Сафронов күнөөсүн моюнга алган эмес жана өзүнүн камалышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырган. Анын жактоочулары Сафронов эмнеге айыпталып жатканы так эмес экенин бир канча жолу айтып келишкен.

«Коммерсантъ» менен «Ведомости» гезиттеринин мурдагы кабарчысы, «Роскосмостун» башчысынын кеңешчиси Сафронов ушул жылдын июль айында камакка алынган.

Ага «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып коюлган жана «Чехиянын атайын кызматтары менен тымызын кызматташып жүргөн» деп маалымдалган. Сафронов күнөөсүн четке каккан.

Тергөө материалдарына ылайык, Иван Сафроновду Чехиянын атайын кызматы 2012-жылы өзүнө «имерип» алган. Ага ылайык, журналист 2017-жылы Орусиянын Африка өлкөлөрү менен аскердик-техникалык кызматташтыгы, орусиялык аскерлердин Жакынкы Чыгыштагы аракеттери боюнча маалымат топтоо жөнүндө тапшырма алган жана аларды аткарган.

Иван Сафроновдун атасы дагы аскердик баяндамачы болгон. Ал 1997-жылы белгисиз жагдайда каза болгон. Орусияда кийинки убакта журналисттерди айыптаган, камакка алган жана коомчулукта талкуу жараткан бир катар окуялар болуп өттү.

XS
SM
MD
LG