Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:18

Токон Мамытов: Венеция комиссиясына адам укуктарын чектеген жоболор тынчсыздандырганы үчүн кайрылдым


Токон Мамытов, Кыргызстандын акыйкатчысы.
Токон Мамытов, Кыргызстандын акыйкатчысы.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов «Азаттык» радиосу менен болгон маегинде эл аралык Венеция комиссиясында өлкөдө сунушталып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы адам укуктарына байланыштуу беренелерди карап берүүсүн өтүнүп кайрылганын айтты:

«Мен башкаруу системасынан мурда өлкөнүн акыйкатчысы катары Конституциянын долбоорундагы адам укуктарынын маселеси тынчсыздандырат. Ушул себептен улам өзгөртүүлөрдөгү укукка байланыштуу чектөөлөрдөн улам Венеция комиссиясына кайрылдым. Азырынча жооп ала элекмин. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында адам укуктары боюнча 27 эл аралык конвенцияга жана документке кол коюп, милдеттенмелерди алган. Мен негизи ушул азыр сунушталып жаткан конституциялык долбоор 27 милдеттенмеге бап келип жатабы, кандайдыр бир мүчүлүштүктөр жокпу - текшерип берүү маселесин койдум».

Кыргызстан Европа Биримдигинин конституциялык жактан кеңешчиси болгон Венеция комиссиясына 2004-жылдан бери мүчө. Борбор Азияда Казакстан менен Кыргызстандан башка бир да өлкө бул комиссияга кирген эмес. Бир нече күн мурда аталган комиссия Кыргызстанда сунуш кылынган Конституциянын жаңы долбоорун кароо протоколу бузулуп жатканына байланыштуу билдирүү тараткан.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG