Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

«Каркыра» чек ара бекети жазга чейин жабылды


Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Токмок» бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Токмок» бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» чек ара бекети 30-ноябрь күнү, саат 18:00дөн тартып 1-мартка чейин жабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Буга аба ырайынын кескин начарлашы себеп болду. Мындан тышкары тараптар чек ара бекетинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында анын ишин убактылуу токтотууну чечкен.

«Каркыра» чек ара бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан. Чек ара бекети автоунаалардын жана жөө адамдардын өтүшүнө ыңгайлашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG