Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Сурабалдиева: Жогорку окуу жайлары жаңы жылдан тартып кадимки форматта иштейт


Элвира Сурабалдиева, вице-премьер-министр.
Элвира Сурабалдиева, вице-премьер-министр.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева «Твиттер» баракчасында жазды.

«Жаңы жылдан кийин ЖОЖдорду ачабыз, сураныч, бир аз сабыр кылып туруңуздар. Ал эми шаарларда бала бакча боюнча маселелер жана кыйынчылыктар көп, аны карап жатабыз. Биз карылардын жана өнөкөт оорулуу бейтаптардын массалык түрдө ооруканаларга түшүшүн көтөрө алабызбы деген гана маселе турат», деп жазган Сурабалдиева.

Буга чейин 27-ноябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кадимки окуу системасына кайтыш үчүн алгоритм иштеп чыгарылганын маалымдаган. Министр алгоритм боюнча окуу жайларына жана студенттерге маалыматтар 30-ноябрдан тартып берилерин айткан.

Өлкөдө пандемиялык кырдаалдан улам 16-марттан тартып мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумалык карантинге жабылган. 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү коопсуз деген аймактардагы 1 489 мектептин окуучулары сабак окууну мектептен улантышты. Ал эми жогорку окуу жайларындагы окуу аралыктан улантылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG