Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

ИИМ видеокөзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылууда


«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Иллюстрациялык сүрөт.
«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Сырткы видеокөзөмөл тууралуу» мыйзамды күчтөндүрүп, Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары аймактарда да видеокөзөмөл орнотууну сунуш кылууда. Аталган мыйзамдын өзгөртүү киргизилген долбоору 30-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

«Сырткы видеокөзөмөл тууралуу» мыйзам боюнча Бишкек жана Ош шаарларында шаардык кеңештин чечими менен коомдук жайларды иштеткен ишканалар жана жеке адамдар видеокөзөмөл орнотууга милдеттендирилген.

Бишкектеги «Ош», «Жунхай» базарларындагы өрттөрдөн кийин соода комплекстеринин, базарлардын аймагында видеокөзөмөл орнотууга милдеттендирген нормативдик укуктук актылар киргизилген. Демилгечилер учурда бул актылар менен мыйзамдын ортосундагы дал келбестиктерди жоюу зарыл экенин белгилешүүдө. Бул нормалар жалпы өлкө аймагында жарактуу болуп саналат.

Былтыр эл аралык донорлордун жардамы менен Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулган. Бул жарандык активисттерди нааразы кылып, мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укуктарына жана жашоосуна «кооптуу кийлигишүү» деп айтылган.

ИИМдин маалыматына караганда, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өлкөдө жалпы 306 жерге видеокамера орнотулмакчы. Мунун алкагында Бишкектин он чакты кичирайонунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, жүздөй камера коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG