Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:19

Юристтер Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы коркунучтарды талкуулашты (видео)


Кыргызстандын Конституциясы.

Бишкекте 1-декабрда өтүп жаткан тегерек үстөлдө Баш мыйзамдын талкууга коюлган жаңы долбоорундагы коркунучтар жана чакырыктар тууралуу сөз болду. Талкууга Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева баштаган юристтер катышты.

Жыйында юрист Таттыбүбү Эргешбаева сунушталган долбоор демократиянын принциптерине каршы келе турганын айтып, жарандык активисттерди, саясатчыларды мындай талкууларга жигердүү катышууга чакырды.

Дагы бир юрист Сания Токтогазиева азыр сунушталып жаткан долбоор бийликти бир колго топтоого жол ачат деген оюн билдирди.

Азыр талкууланып жаткан Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт, беш жылдан эки мөөнөткө шайланат.

Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Элдик курултай түшүнүгү да киргизилип жатат. Бул орган «коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди» кабыл алып, аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизе алат.

Долбоор 17-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан талкууга коюлган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп келишет. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп тынчсызданып жатышат. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG