Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:53

Францияда полиция жөнүндө чырлуу мыйзам долбоору кайра кароого жиберилди


Францияда соңку кездери полициянын зордук-зомбулугу жана ырайымсыз мамилеси тууралуу нааразылык күчөдү. 

Франциянын Улуттук кеңешиндеги (парламент) башкаруучу коалиция "Глобалдуу коопсуздук тууралуу" талаштуу мыйзам долбоорун кайра кароого жөнөттү. Мунун алдында бир катар укук коргоочулар жана журналисттердин кесиптик кошуундары документ демократияны, сөз эркиндигин жана маалыматка болгон укукту чектейт деп айтып чыгышкан. Ошондой эле полиция кызматкерлеринин ыйгарым укуктары дагы кеңейет деп сындашкан.

Мыйзам долбоорунда маселен, полициянын иш-аракетин уруксаты жок сүрөткө жана видеого тартканы үчүн ири өлчөмдө (45 миң евро) айып салуу, же бир жылга эркинен ажыратуу каралган.

Дүйшөмбүдө президент Эммануэль Макрондун партиясы сын-дооматтан улам мыйзам долбоорундагы талаштуу жерлерин кайра карап чыгууга макул болду.

Өткөн аптада Парижде музыкалык продюсер Мишел Зеклераны өз кеңсесинде полиция кызматкерлери ур-токмокко алып жатканы тартылган видео тараган жана бул коомчулукта нааразылык жараткан.

Ушул дем алыш күндөрү Францияда полициянын зомбулугуна каршы калайман каршылык акциялары өткөн. Ал тоз-тополоң менен коштолуп, ондогон адамдар камакка алынды, дагы бир топ демонстранттар менен полиция кызматкерлери жаракат алды.

Францияда соңку кездери полициянын зордук-зомбулугу жана ырайымсыз мамилеси тууралуу нааразылык күчөдү.

XS
SM
MD
LG