Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

COVID-19: Бир күндө дагы төрт бейтап кайтыш болду, вирус 420 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 3-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында үч, Ош облусунда бир өлүм катталды.

Бир күндө вирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 933 адамды түздү. Анын 65 589 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 400 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1281 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2689 бейтап стационарда, 3570 киши үй шартында дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG