Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Молдовада парламент жаңы шайланган президенттин укугун кыскартты


Молдова парламентинин алдындагы акциядан бир көрүнүш.
Молдова парламентинин алдындагы акциядан бир көрүнүш.

Молдова парламенти президент Майя Сандуну өлкөнүн чалгын кызматына көзөмөл кылган ыйгарым укуктарынан ажыратты.

Мындай чечимди социалисттер көпчүлүктү түзгөн парламент 3-декабрда кабыл алды. Мыйзам каралып жатканда Майя Сандунун миңдеген тарапкери Кишиневдогу парламент имаратынын алдында акция өткөрүштү.

Алар «Мафия кетсин», «Додон кетсин» деп кыйкырып турушту. Ал эми Сандунун тарапкерлери болгон Молдованын «Аракет жана тилектештик» партиясы парламенттин борбордук трибунасын ээлеп, мыйзамдын кабыл алынышына тоскоолдук кылууга аракет кылды. Бирок буга карабай депутаттар талаштуу мыйзамды эки окуудан өткөрүштү.

Парламенттеги социалисттер «Молдова - парламенттик республика, ошондуктан чалгын кызматын мыйзам чыгаруу бийлиги бутагы көзөмөлдөш керек» деген жүйөнү келтирүүдө.

Бирок өткөн жылы дал ушул депутаттар бул укукту өз лидери, быйылкы шайлоодо жеңилип калган Игорь Додонго кошуп берген.

Өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду 15-ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, орусиячыл саясатчы Игорь Додонду жеңип чыккан. Ал өлкөнүн Европа өлкөлөрү менен жакындашуусун жактайт.

Молдова - Европадагы эң кедей, коррупция күч алган мамлекеттердин бири. Өлкөнүн аймагындагы орус тилдүү калк басымдуулук кылган Днестрдин бою 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өз эгемендигин жарыялаган. Анткен менен эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары эсептейт.

XS
SM
MD
LG