Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Тажикстан Казакстанда соттолгон жарандарын кабыл алуудан баш тартты


Казакстандагы түрмө. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандагы түрмө. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажик бийлиги Казакстанда теракт даярдаган деген айып менен соттолгон жети жаранын кабыл алуудан баш тартты.

Өткөн жылы сентябрда Алматынын район аралык соту чыгарган өкүмгө ылайык, Тажикстандын жарандары Косимжон Гиесов 18, Абдухалим Давлатов менен Неъматулло Неъматов 14, Парвиз Туйчиев, Султони Аминзода, Шарифали Сафаров жана Сафиюлло Косимов 12 жылга эркинен ажыратылган. Булардын баары «Теракт жасоого даярдануу» жана «Мыйзамсыз жардыруучу зат жасоо» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы жарандарын өткөрүп берүү тууралуу Казакстандын сунушун четке кагып, өлкө оор кылмыштар үчүн соттолгондорду кабыл албай турганын билдирди. Буга чейин түрмөдөгү тажикстандыктардын туугандары казак бийлигине кайрылып, жакындарын жаза мөөнөтүн мекенинде өтөшү үчүн өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Тажикстандын Башкы прокуратурасындагы өздүк булактын айтымында, расмий Дүйшөмбү өткөн жылы өлкө абактарындагы козголоңдордон кийин терроризм үчүн башка мамлекетте соттолгон жарандарын кабыл албай турууну чечкен.

2018-жылы ноябрда Хожент, 2019-жылы майда Вахдат шаарындагы абактарда козголоң болуп, 50 киши өлгөн. Бийлик бул башаламандык үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобунун тарапташы деген айып менен соттолгон жарандарга жүктөгөн.

XS
SM
MD
LG