Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Кыргыз өкмөтү шайлоону өткөрүүдө БУУнун колдоосунан үмүттөнөт


Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиелонун жолугушуусу. Бишкек шаары, 3-декабрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиелонун жолугушуусу. Бишкек шаары, 3-декабрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков 3-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугушту. Новиков Кыргызстан БУУнун бардык институттары менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары вице-премьер-министр кыргыз өкмөтү алдыдагы президенттик шайлоодо БУУнун колдоосун күтөрүн кошумчалады:

«Биз Туруктуу өнүгүү максаттарына жетиш үчүн бардык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз. Эл аралык уюмдардын жардамы ишкерликти колдоо, мамлекеттик түзүмдү реформалоо, экономиканы өнүктүрүү жана башка программаларды ишке ашырууга шарт түзүп бере алат».

БУУнун өкүлү Озонниа Ожиело кызматташууга ыраазычылык билдирип, уюм Кыргызстанды өнөктөш катары жогору баалай турганын белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле тараптар Кыргызстандагы коронавирус пандемиясынын кесепеттерин чогуу жоюуну талкуулашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG