Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Атамбаевдин тарапташтары аны тез арада бошотууну талап кылышууда


Алмазбек Атамбаев сотто. 27-сентябрь, 2020-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотто. 27-сентябрь, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча Жогорку соттун токтому токтоосуз түрдө күчүнө кирип, аткарылышы керек. Анын айтымында Жогорку соттун Алмазбек Атамбаевге байланыштуу чечими райондук сотко келип түшүп, алар чечимди Жаза аткаруу кызматына жиберүүгө милдеттүү болчу.

«Бирок алар андай кылган жок. Жогорку соттон да чечим райсотко жиберилген жок. Райондук сот да Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына эч кандай маалымдама берген эмес. Булар «беш иш күнүндө аткарылат» деп айтышууда. Мыйзам боюнча Жогорку соттун токтому чыккандан тартып эки сааттын ичинде аткарылышы керек. Эмне себептен аны коё бербей жатышканы түшүнүксүз», деди Замир Жоошев.

Адвокаттын айтуусунда соттор аткаруучу бул ишти Атамбаевдин юристтери өздөрү чуркап, ишке ашырышкан. Жоошевдин сөзү боюнча, Жогорку соттун Атамбаевге байланыштуу токтомун адвокаттары 2-декабрда Жаза аткаруу кызматына жеткирип беришкен, бирок Атамбаев 3-декабрда бошотулган жок.

Атамбаев 3-декабрда бошотулбаса, тарапкерлери Башкы прокуратурага кайрылышмакчы.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү жөнүндө чечим чыгарган. 2019-жылдын август айында кармалып, алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган Атамбаев быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган. Аны менен кошо дагы бир топ адам жазаланган, бирок алар түрмөгө кесилген эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG