Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Өзбекстанда коңшу өлкөлөрдөн которулган студенттер окууга кире албай жатат


Самарканд мамлекеттик университетине окууга тапшырып жаткан абитуриенттер. Өзбекстан. Архивдик сүрөт.
Самарканд мамлекеттик университетине окууга тапшырып жаткан абитуриенттер. Өзбекстан. Архивдик сүрөт.

Өзбекстандагы жогорку окуу жайлары Билим берүү министрлигинин буйругу менен коңшу өлкөдөн которулуп жаткан студенттерди кабыл албай жатат.

Казакстандын Чымкент шаарындагы окуу жайынан чыгып, Жизак политехникалык университетине тапшырыш үчүн арыз берген Баходир аттуу студент окуу жылынын жарымы аяктап калганына карабастан, аны окууга кабыл алуу тууралуу буйрук чыга элек экенин билдирүүдө. Анын айтымында, университет андан Казакстандагы окуу жайынан тастыктама алып келүүнү талап кылууда.

«Азыр коңшу өлкөлөрдөгү окуу жайларынан чыгып, бул университетке тапшырыш үчүн арыз берген 200дөн ашуун студент бар. Баарыбыздан мурда окуган университеттен сынактарды тапшырганы, окуудан чыгарылганы тууралуу документтерди алып келүүнү талап кылып жатат. Бул үчүн бизге 15-декабрга чейин убакыт берип, болбосо арызыбыз каралбай турганын эскертүүдө», - деди ал.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн бир катар башка аймактарында, анын ичинде Самарканд жана Хорезм облустарындагы окуу жайларында да ушундай эле кырдаал түзүлгөн.

Буга чейин өзбек өкмөтү студенттерди коңшу өлкөлөрдөгү окуу жайларынан которууда эч кандай кошумча талаптар жана бюрократиялык маселелер болбой турганын билдирген.

Быйыл февралда Билим берүү министрлиги чыгарган буйрукка ылайык, коңшу өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларында билим алып жаткан миңдеген өзбекстандык студенттер окуусун таштап, үйүнө кайткан.

Мекеменин маалыматы боюнча февралга карата 35 миңден ашуун өзбекстандык студент Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Казакстандагы университеттерде окуп жаткан.

XS
SM
MD
LG