Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

АКШ кылмыштуу топторду тергөөдө Кыргызстанга жардам сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 3-декабрда видео байланыш аркылуу өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөштү. Анда саясий жана экономикалык кызматташтык маселелери талкууланганын элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта: «Элчи Дональд Лу уюшкан кылмыштуу топтордун негизги мүчөлөрүнө козголгон иштерди тергөөгө жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошондой эле кылмыштуу топтордун эл аралык түйүндөрүн жок кылууга АКШнын укук коргоо органдарынын жардамын сунуш кылды», деп жазылган.

Мындан тышкары элчи АКШ бийлиги сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкууларга убакыт берүүнү жана аны Венеция комиссиясына жөнөтүү боюнча кыргыз бийлигинин ниетин кубаттай турганын дагы бир жолу кошумчалады.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап «өлкөдөгү окуялар боюнча АКШ элчилигинин тең салмактуу билдирүүлөрү маанилүү экенин» белгилегени кабарланды. Мындан тышкары министр Руслан Казакбаев COVID-19га каршы күрөшүү алкагында көрсөтүлгөн техникалык көмөгү, пандемия маалында жөнөткөн гуманитардык жардамы үчүн АКШга ыраазычылык билдирди.

1-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыш иши козголушун кубаттаган пикирин «Твиттердеги» расмий баракчасына жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG