Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

БШК президент болууну каалаган 20 жаран чогулткан кол тамгаларды кабыл алды


Борбордук шайлоо комиссиясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы. Иллюстрациялык сүрөт.

3-декабрдын соңуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) келип түшкөн президенттикке талапкер болуу ниети бар 21 жарандын шайлоочулардан чогулткан кол тамгалар тизмесинен 20жарандыкы кабыл алдынды. БШКнын маалыматына караганда алардын алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын чогулткан. Алар төмөнкүлөр:

Клара Сооронкулова – 33 458;
Аймен Касенов - 46 270;
Бабыржан Толбаев - 59029;
Адахан Мадумаров - 39 856 ;
Садыр Жапаров - 59 998;
Равшан Жээнбеков - 39 874 ;
Рашид Тагаев – 40 651;
Элдар Абакиров – 43 630;
Жеңишбек Байгуттиев – 51 896;
Арстанбек Абдылдаев – 47 998;
Курсан Асанов – 43 864;
Бактыбек Калмаматов – 35 300;
Мыктыбек Арстанбек – 33083;
Абдил Сегизбаев – 55 480;
Улукбек Кочкоров – 43 804;
Кубан Чороев – 39 053;
Кубанычбек Токтосунов – 30 106;
Канатбек Исаев – 38 987;
Каныбек Иманалиев – 35 658;
Имамидин Ташов – 35 493.

Ал эми Саматбек Ибраевдин чогултуп келген кол тамгасы 15 033 болуп, белгиленген чекке жетпей калды. Чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек.

БШКнын маалыматына караганда кол тамгалардын тизмесин тапшырган 20 жаран ошондой эле 1 млн. сомдон күрөөсүн да төгүштү. Шайлоочулардын кол тамгалары коюлган тизмени жана 1 миллион сомдук күрөөнү тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктады.

4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип, талапкерликке каттай баштайт. Бул жараян 14-декабрда аяктайт.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG