Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Коронавирус бир күндө дагы төрт бейтаптын өмүрүн алып, 440 кишиден табылды


Коронавируска каршы эмдөө учуру.
Коронавируска каршы эмдөө учуру.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында бирден адамдын өлүмү катталды.

Бир күндө вирус дагы 440 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 74 373 адамды түздү. Анын 66 113 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 524 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1285 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2635 бейтап стационарда, 3528 киши үй шартында дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG