Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Орусияда сегиз кызматташын аткан жоокер анын себебин айтты


Рамил Шамсутдинов былтыр 25-октябрда камакка алынган.
Рамил Шамсутдинов былтыр 25-октябрда камакка алынган.

Орусиянын Забайкалье крайындагы аскер бөлүктө өзүнүн сегиз кызматташын атып салган жоокер Рамил Шамсутдинов бул кылмышка эмнеге барганы боюнча түшүндүрмө берди. Ал соңку сот жараянында адвокатынын суроолоруна жооп берип жатып, кызматташтары аны бир канча күн бою уктатпай коюшканын айтты. Каргашалуу окуя болгон күнү аябай уйкусу келгенин, ок аткан маалда да, кармалганда да башы маң болуп турганын билдирди. Жоокер эгер аны бир канча күн уктатпай коюп кыйнашпаганда «мындай кадамга бармак эмесмин» деп айтты.

Шамсутдинов былтыр октябрь айында камакка алынган. Коргоо министрлиги жоокер ур-токмоктун айынан ушундай кадамга барды деген дооматты жокко чыгарган. Жоокердин атасы аскер жетекчилерин «армиядагы «чоңсунган зомбулук» көрүнүшүн жашырып жатат» деп күнөөлөгөн.

Ушул жылдын март айында Чита шаарында сот армиядагы кызматташы Шамсутдиновго «чоңсунуп, ыдык көрсөткөн» деп айыпталган Руслан Мухатовду шарттуу эки жылга эркинен ажыраткан. Сотто прокурорлор сегиз адамдын өлүмү менен аяктаган окуяга Мухатовдун Шамсутдиновго кылган мамилеси себеп болгон деген жагдай далилденбегенин билдиришкен.

Интернетте жоокерди бошотууга чакырган петиция болуп, аны миңдеген адамдар колдоп чыккан. Орус армиясы «чоңсунуу» сыяктуу зордук-зомблуктан арыла элек.

XS
SM
MD
LG