Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

АКШ Ирактагы элчилигиндеги кызматкерлерди азайтып жатат


Иракта АКШнын эң ири элчилиги жайгашкан. Ал жакта жүздөгөн дипломаттар иштейт.
Иракта АКШнын эң ири элчилиги жайгашкан. Ал жакта жүздөгөн дипломаттар иштейт.

Кошмо Штаттар Ирактын баш калаасы Багдаддагы элчилигинин айрым кызматкерлерин чыгарып кетүүдө. Медиа каражаттарында жарыяланган мындай маалыматты АКШнын элчиси Мэтью Туллер 3-декабрда ырастап, кызматкерлердин саны убактылуу гана азайтылып жатканын айтты.

Мындай чечим АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүп жаткан учурда кабыл алынды. Иракта Иранга жан тарткан куралдуу кошуундар бар.

Иракта АКШнын эң ири элчилиги жайгашкан. Ал жакта жүздөгөн дипломаттар иштейт. Азырынча алардын канчасы артка чакырылып жатканы так белгисиз.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу Тегеранда ирандык окумуштуу-физик Мохсен Фахризаде киши колдуу болгондон кийин күчөп кетти. Ирандын бийлиги бул окуя үчүн Израилди күнөөлөп, кыйыр түрдө АКШга да доомат артып жатат.

Тел-Авив бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Тегерандагы мындай окуя Иран же чөлкөмдөгү ага ыктаган күчтөр кандайдыр бир чабуул уюштурушу мүмкүн деген тынчсызданууга себеп болууда.

XS
SM
MD
LG