Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев сотко жеткирилген жок


Фарид Ниязов. 7-август, 2019-жыл. Күч органдарынын экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алдында Кой-Таш айылында тартылган сүрөт.
Фарид Ниязов. 7-август, 2019-жыл. Күч органдарынын экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алдында Кой-Таш айылында тартылган сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси жана анын президенттик аппаратынын башчысы болгон Фарид Ниязов менен мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин кароону 5-декабрга калтырды.

Бул тууралуу шектүү тараптын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, соттун жылышына жараянга Ниязов менен Сагымбаев жеткирилбегени себеп болду. Жактоочу тарап аларга коюлган айып негизсиз экенин, экөө тең мушташты уюштурбаганын, тополоңго катышпаганын айтып жатат.

"Шектенүүнүн өзү негизсиз. Эч кандай негиз жок. 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтындагы массалык башаламандык, мушташты Канат Сагымбаев же Фарид Ниязов уюштурган эмес. Аны баарыбыз билебиз. А бирок аларды күнөөлүү кылып атышат", - деди Замир Жоошев.

Бүгүнкү жараянда айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү боюнча прокуратуранын өтүнүчү каралмак.

Адвокаттар болсо аларды үй камагына чыгаруу тууралуу сотко өтүнүч келтире турганын билдиришкен. 5-декабрдагы жараян саат 15:00гө белгиленди.

Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында жапырт мушташ уюштурган деп шек саналууда.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда түрмөдө отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапташтары аларды бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, Фарид Ниязов, мурдагы жан сакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.

5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган Фарид Ниязовду Биринчи май райондук соту 12-октябрда камакка алган. Анын бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 29-октябрда карап, 10-декабрга чейин камакта калтырган.

Фарид Ниязов менен кошо «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 10-декабрга чейин камалган. Шаардык сот Султанбековду 14-октябрда үй камагына чыгарган, Асанов камакта отурат.

Фарид Ниязов буга чейин 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. Аны 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары башка саясатчылардын катарында бошотуп алышкан.

Кой-Таш окуясы боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да айыпталып, үй камагына алынган. Ага «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган. Мындан тышкары ага каршы дагы эки иш козголгон.

12-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Канат Сагымбаев да эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. (NT)

XS
SM
MD
LG