Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөр жанданып жаткан чакта зомбулук аракеттери күчөгөнүнө Помпео тынчсызданды


АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео (солдо) молдо Абдул Гани Барадар (солдон экинчи) жана башка талиптердин өкүлдөрү менен жолугушууда. Доха, Катар. 2020-жылдын 21-ноябры.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео (солдо) молдо Абдул Гани Барадар (солдон экинчи) жана башка талиптердин өкүлдөрү менен жолугушууда. Доха, Катар. 2020-жылдын 21-ноябры.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстандагы зомбулук аракеттердин деңгээли "кабыл алгыстай жогорку чекке" жеткенине тынчсыздануусун билдирди. 4-декабрда ал сүйлөшүүлөр жүргүзүп жаткан оогандык өкмөт өкүлдөрү менен талиптердин өкүлдөрүнө видео кайрылуусун жолдоду. Кайрылууда эки тарапты тең «чындап чегинүүгө» чакырды жана жалпы өлкө боюнча ок атышууларды токтотуу сыяктуу өтө орчун маселелер чечилет ко деген үмүтүн билдирди.

Доха шаарында оогандык өкмөт өкүлдөрү менен талиптердин өкүлдөрү ушул аптада сүйлөшүүлөрдү мындан ары улантуу тууралуу келишкен. Помпео эки тараптын өкүлдөрү менен Дохада 21-ноябрда сүйлөшүү жүргүзгөн.

10-мартта башталышы керек болгон бул тынчтык сүйлөшүүлөрү камактагыларды бошотуу тартиби жана башка эрежелерди тактоо сыяктуу себептерден улам создугуп кеткен.

XS
SM
MD
LG