Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Парижде ишембидеги нааразылык жыйын зомбулук аракеттер менен коштолду


Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзам долбооруна каршы чыккандардын айрымдарын полиция кагылышуу маалында кармап кетти. Париж. 2020-жылдын 28-ноябры.
Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзам долбооруна каршы чыккандардын айрымдарын полиция кагылышуу маалында кармап кетти. Париж. 2020-жылдын 28-ноябры.

“Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзамга нааразы болгондордун Париждеги 5-декабрдагы жыйыны маалында зомбулук аракеттер да орун алды. Өткөн аптанын ишембисинде да демонстранттар менен полициянын кагылышуусу болгон.

Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманен мырзанын 5-декабрдагы билдирүүсүнө караганда, алгач тынч башталган нааразылык чарасы зомбулук аракеттерге жол коюп, кара түстө кийинген жүздөгөн анархисттер автоунааларды өрттөп, дүкөн терезелерин талкалап, полиция кызматкерлерине карай ар кыл нерселерди ыргытышты. Бери дегенде 22 киши камакка алынды.

Апта соңунда Франциянын башка аймактарында да нааразылык жыйындарын өткөрүү болжолдонгон.

Нааразылыкка чыккандар “Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзам долбоорунун 24-беренесиндеги полициячылардын жана жандармдардын жүзүн тасмага тартуу менен байланыштуу жобого каршы чыгууда.

24-ноябрда Франциянын Улуттук жыйыны “Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзамды биринчи окулушунда кабыл алды. Анын 24-беренесинде полициячы менен жандармга зыян келтирүү үчүн анын бетин же башка кимдигин тастыктоочу нерсесин сүрөткө тартып таркаткандык үчүн бир жылдык абак мөөнөтү жана 45 миң евро акчалай жаза каралат, деген жаза түрү камтылган.

Бул беренеге коомчулук менен катар эле журналисттик кесиптик кошуундар да каршы чыгышты.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон айрым полициячылардын зомбулукка барган учурларын кескин сынга алды, бирок полиция кызматкерлерине каршы зомбулукту да айыптады.

Франциянын кара түстүү музыка продюсери Мишел Зеклерди француз полициясынын өкүлдөрү ур-токмокко алгандыгы чагылдырылган видео тасма 26-ноябрда калайыкка жайылтылган соң, тирешүүлөр күчөгөн. 4 полиция кызматкерине айып тагылгандыгы маалымдалган. Француз өкмөтү сунушталган мыйзам долбоорун кайра оңдой тургандыгын билдирди. (TT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG