Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Террор: Париж: Жоокерлерге катылган киши тутулду


Былтыр 14-июлда жүк ташуучу унаачан террорчу Нице шаарындагы калайыкты тебелеп кеткен. Нице, Франция. 15.7.2016.
Былтыр 14-июлда жүк ташуучу унаачан террорчу Нице шаарындагы калайыкты тебелеп кеткен. Нице, Франция. 15.7.2016.

Француз полициясы аскер кызматкерлерине шаршембиде чабуул жасады деп шектелген кишини кармагандыгын билдирди.

9-августта белгисиз жаран Париждин четиндеги райондо казармадан топтошуп чыгып келе жаткан жоокерлерди сүзүп качып кеткен эле. Алты жоокер жаракат алып, алардын экөөсүнүн абалы оор экени кабарланган.

Француз бийлиги шаршембидеги бул чабуулду айыптады жана аны атайын жасалган карасанатайлык деп билдирди.

Полиция кылмышка шектүү адам колго түшүрүү учурунда ок чыгарганын, атышуу маалында жаракат алганын кабарлады. Ал 37 жаштагы жаран экени маалым болду; полиция анын тек-жайы тууралуу мындан башка маалымат бере элек.

DPA немис маалымат агенттиги чабуул жасады деп шектелген киши Парижден Франциянын түндүгүн көздөй кетчү унаа жолдо колго түшкөнүн жазды.

Окуя 9-августта эртең мененки саат 8де Париж шаарынын четиндеги Леваллуа-Перре районундагы аскерий казарманын жанында болду. BMW үлгүсүндөгү унаа айдаган адам имараттан жоон топ болуп чыгып келе жаткан жоокерлерди унаасы менен сүздүрүп туруп качып кетти.

Окуяга күбө болгон, ошол жердеги мейманканалардын биринде иштеген 45 жаштагы Надия Лепрохон деген аял буларды айтты:

- Эртең менен саат 8дерде балконго чыкканда катуу бир доошту уктум. Анан эки аскер жерге кулап, калгандары кыйкырып эле калышты. Ошол жерде турган бир эркек “машине тепсеп кетти, качып кетти, артынан чуркагыла!” деп кыйкырып калды. Мен авария болду го деп ойлодум. Чын эле ошентип ойлодум. Ал жерге жакын метродо крандар, дагы толтура курулуш жүрүп жаткан. Жерде жаткан жоокерлерди көргөндө, анан эмне болгонун түшүндүм. Мен көргөнүмдү айтып жатам, бул чабуул болду. Анткени ошол жерде машиненин бир майда нерселери жаткан. Машине обочороок токтоп, аскерлерди бутага алган.

Леваллуа-Перренин башчысы Патрик Балкани шектүү киши "аскерлердин чыгышын күтүп турганын", бул атайын жасалган иш экенине күмөнү жок экенин, чабуул жасаган адам казарманын маңдайында аллеянын жанына унаасын токтотуп коюп, жоокерлердин чыгышын күтүп аңдып отурганын билдирди.

Франциянын ички иштер министри Жерар Коломб куралдуу күчтөр министри Флоренс Парли менен бирликте ооруканадагы алты жоокерден кабар алганын маалымдады. Ал ооруканадагы жоокерлердин жарааттары өмүргө коркунуч туудурбай турганын билдирди.

Жерар Коломб журналисттерге комментарий берип жатып, бул антитеррдук миссияда жүргөн жоокерлерге каршы алтынчы чабуул экенин белгиледи:

- Бүгүн таңкы саат 8ден 6 мүнөт өткөндө антитеррордук кайгуулдун жоокерлерин көздөй акырын жылып барып, аларга беш метр жакын калганда сүзүп туруп качып кетти. Ошондуктан биз муну кокусунан болгон иш эмес, атайын жасалган карасанатайлык экенин билебиз. 2015-жылдан ушул күнгө чейин бул террордук акт болушу ыктымал деген жерлердеги коомдук коопсуздукту кайтарган "Сантинелль" миссиясынын жоокерлерине каршы жасалган алтынчы чабуул болуп калды.

Куралдуу күчтөр министри Флоренс Парли дагы бул чабуулду айыптады:

- Мен бүгүн эртең менен "Сантинелль" тобунун жоокерлерине каршы жасалган мындай суу жүрөктүк чабуулду айыптайм. Өзүңөр билгендей, бул жоокерлер биздин жарандарыбыздын коопсуздугун сактап жүрүшөт.

9-августтагы окуяны Париж шаардык прокуратурасынын тероорго каршы бөлүмү иликтей баштады.

Францияда соңку 2,5 жылдын ичинде бир катар террордук чабуул катталды. Анда жалпысынан 230дай адам ажал тапты, ондогон киши жараат алды. Ошондон бери өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн жана өзгөчө абал режими киргизилген.

Өткөн айда француз парламенти өзгөчө абал режимин дагы жарым жылга узарткан. Бийликтер мындай абал полициянын жана атайын кызматтын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары көбөйтүлгөндөн соң жоюлаарын маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG