Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Статком: ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда ИДӨнүн киши башына карата көлөмү эң аз


Бишкектин четиндеги жаңы конуш.
Бишкектин четиндеги жаңы конуш.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2019-жылы калктын киши башына карата республиканын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 1 300 АКШ долларынан ашты. Бул Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттердин арасында эң төмөнкү көрсөткүч.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер теңдеми башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова билдирди.

«Орусияда калктын киши башына карата ИДӨнүн көлөмү 11 601 АКШ долларын түзөт. Казакстан экинчи орунда турат, ал жакта бир адамга 9 750 долларга товар менен тейлөө өндүрүлөт. Рейтингдин ортосунда Беларус менен Армения жайгашкан, алардын ИДӨсү 6 658 - 4 760 долларды түздү. Кыргызстан ЕАЭБдеги өнөктөштөрүнөн кыйла артта калууда. Бул биздин жашоо деңгээлибизди көрсөтүп, биздин мамлекет бай эмес өлкөлөрдүн катарына киреринен кабар берет», - деди Элвира Исенкулова.

Мурдараак Улуттук статистика комитети 2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ИДӨсү 457 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 7,4% төмөндөгөнүн кабарлаган.

Статкомдун «Фейсбук» баракчасында уюштурулган түз эфирдеги лекцияга Кыргыз экономикалык университетинин студенттери жана сайттын башка пайдалануучалары катышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG