Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Румынияда парламенттик шайлоодо оппозиция алдыга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Румынияда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, оппозициядагы Социал-демократиялык партия эң көп добуш алды. Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын дээрлик 99 пайызын санап бүткөндөн кийин бул партия Депутаттар палатасында 29,8%, ал эми Сенатта 30,2 пайыз добуш топтогонун билдирди.

Европага ыктаган, бийликтеги Улуттук либералдык партиясына Депутаттар палатасында 25,1 пайыз, Сенатта 25,2 пайыз добуш тийди. Бул санакка чет өлкөлөрдөгү румын диаспораларынын 265 миңдей добушу кошулган жок. Адатта сыртта жүргөн румындар Социал-демократтар партиясына каршы добуш берет жана бул партияны коррупцияга, жумушсуздукка айыпташат.

Эгер СДП утуп келсе деле алардын парламенттин жаңы курамында өнөктөштөрдү табышы кыйын болот. Өлкөнүн президенти, Улуттук либералдык партиянын мурдагы лидери Клаус Йоханнис парламенттин жаңы курамынын мөөнөтү соңуна чыкканча, тактап айтканда, 2024-жылга чейин алардын өкмөткө келишине жол бербей турганын эскертти.

Оңчул-чордончул "Румынияны коргоо бирлиги - эркиндик, биримдик жана тилектештик" партиясы Депутаттар палатасындагы 14,5 пайыз, ал эми Сенатта 15 пайыз добуш менен үчүнчү орунга чыкты.

Румыния Европа Биримдигиндеги эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы либералдар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар реформачыл программаны жүзөгө ашырыш үчүн шериктери менен бирге парламентте көпчүлүк түзүшү абзел болчу.

Жекшембиде румын шайлоочулары 136 сенаторду жана 329 депутатты шайлашты. Добуш берүүгө шайлоочулардын 32% жакын гана бөлүгү катышкандыгы маалымдалды. Бул – 2016-жылдагы шайлоодогу көрсөткүчтөн алда канча аз.

XS
SM
MD
LG