Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган кезинде кол койгон токтомго ылайык, 100 миң сомго чейин насыясы бар жарандарга колдоо көрсөтүү максатында алардын үч айлык үстөк пайызын өкмөттүн эсебинен жапмакчы болгон. Ага ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына чейин финансылык уюмдардан 100 миң сомго чейинки өлчөмдө насыя алган жарандардын декабрь, январь, февраль айларынын үстөгүн өкмөт төлөйт.
Финансы министрлигинин түшүндүрмөсүндө 100 миң сомго чейинки насыяны көбүнчө туруктуу же айлык акыдан башка кирешеси жок жарандар алганы белгиленген. Маалыматта өкмөттүн токтому кабыл алынгандан кийин Финансы министрлиги Улуттук банктын, коммерциялык банктардын, каржы уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, токтомду ишке ашыруунун алгоритмдерин иштеп чыкканы айтылган.
Маалыматта: «Улуттук банктын маалыматына караганда, токтомдогу талаптарга 673 насыя туура келет, анын үч айлык үстөгүн жабыш үчүн 1 млрд. 253 млн. 200 миң сом зарыл. Бул токтомду ишке ашырыш үчүн Финансы министрлиги менен 248 каржылык уюмдун ортосунда атайын келишим түзүлдү. Ага ылайык үч айлык үстөк үчүн акчаны министрлик январь айынан март айына чейин каржы мекемелерине которуп бермей болду. Декабрь айы үчүн үстөк январда, январь үчүн февралда, февраль айы үчүн мартта төлөнүп берилет. Ал эми насыя алган жаран бул айлар үчүн каржы уюмуна үстөк пайыз төлөбөйт», деп жазылган.
Өкмөт 100 миң сомго чейинки насыясы бар адамдарга колдоо көрсөтөрүн Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын убактылуу токтото электе, 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушуу учурунда айткан. Жапаров анда жардам 600 миңдей үй-бүлөгө берилерин, жарандар үч айдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик аларын билдирген. Бул үчүн каражат табылганын айтып, бирок анын булагын ачык айткан эмес.
Жапаров 12-ноябрда КТРКдагы акыркы басма сөз жыйынында акча бюджеттен бөлүнбөй турганын тактаган. 13-ноябрда бул тууралуу токтомго кол койгон. (ZKo)