Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Меркел менен Путин Тоолуу Карабакты, Навальныйды талкуулады


Путин менен Меркел акыркы жолу телефондон 18-августта сүйлөшкөн жана анда Беларустагы саясий кырдаалды талкуулашкан.
Путин менен Меркел акыркы жолу телефондон 18-августта сүйлөшкөн жана анда Беларустагы саясий кырдаалды талкуулашкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө август айынан бери биринчи жолу немис канцлери Ангела Меркел менен телефондон сүйлөштү. Кремлдин сайтындагы маалыматка караганда, анда негизги сөз Тоолуу Карабактагы жагдай тууралуу болду. Маалыматта «тараптар куралдуу кагылышта жапа чеккен элдин маселесин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти» деп айтылат.

Эки лидер андан сырткары Донбасстагы жаңжалга токтолушту. «Путин анда Минск келишими маанилүү экенин белгиледи», деп жазылат Кремлдин сайтында.

Бул маалыматта Путин менен Меркел орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный тууралуу да сөз кылганы айтылган эмес. Немис өкмөтүнүн өкүлдөрү «РИА-Новости» агенттигине орус оппозициячыл саясатчысы тууралуу да жагдай талкууланганын билдиришти.

Путин менен Меркел акыркы жолу телефондон 18-августта сүйлөшкөн, анда Беларустагы саясий кырдаалды талкуулашкан. Андан эки күндөн кийин Навальный ууланып ооруканага оор абалда түшкөн, кийинчерээк жакындарынын талабы менен Берлиндеги ооруканага которулган. Германия Орусиядан Навальный ууланган жагдайды териштирүүну талап кылган. Расмий Москва болсо оппозициячыл саясатчынын ууландырылышы боюнча дооматтардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG