Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Москвадагы акцияда референдумдан баш тартуу, укуктук талаага кайтуу боюнча талап коюлду


Москвадагы кыргызстандыктардын акциясы. 7-декабрь, 2020-жыл.
Москвадагы кыргызстандыктардын акциясы. 7-декабрь, 2020-жыл.

Орусиянын Москва шаарындагы кыргызстандык мигранттардын «Ак ниет» кыймылынын мүчөлөрү 7-декабрда Мамлекеттик Думанын алдындагы акция учурунда Кыргызстандын Баш мыйзамынын азыр сунушталып жаткан долбооруна каршы экенин билдиришти.

Акциянын катышуучулары бийлик өкүлдөрүн башкаруу формасын аныктаган референдум өткөрүүдөн баш тартууга чакырып, укуктук алкакка кайтыш керек экенин айтышты. Коронавирус пандемиясына байланышкан карантиндик чектөөлөрдөн улам акция кыска мөөнөттөгү жөө жүрүш формасында өттү. «Ак ниет» кыймылынын төрайымы Динара Чолпонова Баш мыйзамды мөөнөтү бүткөн парламенттин VI чакырылышынын депутаттары, мөөнөтү бүткөн спикер менен өзгөртүшү туура эмес деген оюн билдирди:

«Ушул чакырылыш менен Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алууга биз каршыбыз. Эл өзүнүн татыктуу, билимдүү деген өкүлдөрүн Жогорку Кеңешке шайласын. Ошолор карап, ар бир мыйзамды кабыл алаарда элге тааныштырып, талкуулашсын. Президенттик шайлоонун алдындабы же кийинби, сөзсүз түрдө парламенттик шайлоо өтүшү керек. Азыр эми «Текебаевдин Конституциясы жаман» деп жатышат. Жакшы болобу, жаман болобу, азыр жаңы депутаттар тандалып, шайланып келиши керек. Ошолор «бир мандаттуу шайлоо» же «президенттик өлкө бололу» дейби, мыйзамдарды ошолор кабыл алышсын. Азыркы парламенттин эч нерсеге акысы жок. Бүгүн биздин плакаттарга «этот парламент просроченный» деп атайын жаздым. Орустар түшүнсүн дедим. 4-октябрда эл ушул депутаттар «кетсин» деп көтөрүлүш жасаган. Анан ушулар бизге кайра Баш мыйзам жазабы?!»

Акция президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов баштаган кыргызстандык делегациянын Москвадагы сапары учурунда уюштурулду.

Мамытов башында турган делегация Москвага 6-декабрда барып, 7-декабрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган. Сапар учурунда Мамытовдун Москвадагы кыргызстандыктар жана Орусиянын башка да расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары пландалган.

Бул сапар - Кыргызстандын жетекчилигинин октябрда бийлик алмашкандан берки эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапары. (LzT/NT)

XS
SM
MD
LG