Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Иран бийлиги «аятолла Хаменеинин саламаттыгы начар» деген айың кепти четке какты


Аятолла Али Хаменеи. Архив.
Аятолла Али Хаменеи. Архив.

Ирандын расмий өкүлү «өлкөнүн руханий жол башчысы аятолла Али Хаменеинин саламаттыгы кескин начарлап кетти» деп Интернетте жайнап кеткен ушак-айыңдарды төгүндөдү жана 81 жаштагы диниятчынын дени сак экенин билдирди. Расмий кызматкер Мехди Фазаэли 7-декабрда «Твиттерде» дал ушундай маалымат таркатты.

Ал эми чет өлкөлүк маалымат агенттиктери болсо бул кабардан кийин «аятолла Хаменеинин президент Хасан Руханиге барышы жокко чыгарылыптыр жана жогорку руханий жол башчылыктын милдети аятолланын 51 жаштагы уулу Можтаба Хаменеиге өткөрүлүптүр» деген жаңылыктарды жарыялашты.

Акыркы жолу аятолла Хаменеи калайык алдында 24-ноябрда көрүнгөнү айтылууда.

Аятолла Хаменеи - Ортоңку Чыгыштагы эң узактан бери бийликте отурган мамлекет башчысы. Ал 1989-жылдан бери Иран Ислам Республикасынын руханий жетекчиси болуп келет. Ага чейин ал 1981–89-жылдары өлкөнүн президенти болгон. 2014-жылы ал ийгиликтүү операциянын аркасы менен өсмөдөн (рактан) айыккан.

ИРНА мамлекеттик маалымат агенттиги 7-декабрда Тегерандагы баалуу кагаздар базарындагы дүрбөлөң ушак-айыңдын айынан чыкканын билдирди.

XS
SM
MD
LG