Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Роуханинин АКШга сапары кызуу талкууда


Хасан Роухани Нью-Йорктон Тегерандын Мехрабад аэропортуна учуп келгенде тарапкерлери тосуп алууда. 28-сентябрь, 2013-жыл.
Хасан Роухани Нью-Йорктон Тегерандын Мехрабад аэропортуна учуп келгенде тарапкерлери тосуп алууда. 28-сентябрь, 2013-жыл.

Хасан Роуханинин Нью-Йоркто болгон ийгиликтүү сапары, Барак Обама менен тарыхый телефон сүйлөшүүсү Иранда ар кыл пикир жаратууда.

Арийне, телефон сүйлөшүүсүн стратегиялык жаңылыштык деп сындагандар болгону менен Вашингтон менен сүйлөшүүнү жактаган добуштар күчтүүрөк чыгып жатканы байкалат.

1979-жылы Иранда болгон Ислам революциясынан кийин Тегеран-Вашингтон арасында дипломаттык байланыш токтоп, эки жак бири-бирине элдешкис жоодой мамиледе болду. Өз ара ишенбөөчүлүккө АКШнын Тегерандагы элчилигин басып алуу, расмий антиамерикалык пропаганда жана Ирандын талаштуу ядролук программасы улам май тамызып жатты.

Барак Обама Хасан Роухани менен сүйлөшүүдө, 27-сентябрь, 2013-жыл
Барак Обама Хасан Роухани менен сүйлөшүүдө, 27-сентябрь, 2013-жыл
Ошентсе да Хасан Роухани менен Барак Обаманын 27-сентябрдагы телефон сүйлөшүүсү (бул Иран-АКШ лидерлеринин акыркы 34 жылдагы биринчи баарлашуусу) Иранда жылуу колдоого алынганын айтат Иран парламентинин мурдагы мүчөсү, мешхеддик журналист Мухаммед Хесар:

- Каршы добуштар АКШ жана Иранда айтылса да, алар басымдуулук кыла алышпайт. Өз ара макулдашып, сүйлөшүүгө барган өкмөттүн жана төбөлдөрдүн добушу үстөмдүк кылат.

Ырас, Роухани Тегеранга келгенде кээ бирөөлөр ага жумуртка жана бут кийимдерин ыргытышты. Мурда Хаменейинин көз карашын колдоп жүргөн эскичил “Кайхан” гезити болсо телефондон сүйлөшүүнү натыйжасыз кадам катары сындады. Революциячыл корпустун командири Али Жафари телефон сүйлөшүүсүн “шашкандык" деп мүнөздөдү жана АКШ чын ыкласын билдирген кадамдарды жасамайынча, Иран чыдай турушу керек эле деди.

Бирок президент Обама менен сүйлөшүүнү колдогондор көпчүлүктү түздү. Алардын ичинде ислам жетекчилигинин консервативдүү мүчөлөрү да бар. Серепчилер мындай маанайды Роуханинин кадамын Ирандын башкөсөмү Аятолла Али Хаменейи башындагы диний төбөлдөрдүн колдоосу менен түшүндүрүшөт.

Иранда чыккан айрым гезиттер
Иранда чыккан айрым гезиттер
Байкоочулар арасында Аятолла Хаменейи Батыш менен сүйлөшүүгө макулдугун бербесе, президент Роухани өзү демилге көтөрүп, АКШ президенти менен сүйлөшкөнгө жана ядролук программа боюнча ийкемдүүлүк көрсөтө алмак эмес деген пикирлер да бар. Ирандык серепчи Реза Алижанинин айтымында:

- Айрыкча акыркы сегиз жылда коопсуздук кызматтары менен куралдуу күчтөр саясатка кийлигишүүсү бир кыйла өстү. Азыр аларга саясаттан баш тартуу кыйын. Хаменейи “баатырларча ийкемдүү” болгонго чакырганына карабастан эскичилдер Кошмо Штаттар менен түз сүйлөшүүгө оңой менен макул болбойт. Ирандын революциячыл корпусунун кээ бир командирлери жана “Кайхан” гезитинин сындап жатканы ошондон. Менин оюмча, бул сын Роуханиге эле каршы эмес. Бул Хаменейиге таасир этүүнүн да амалы.

Башка бир серепчилердин боолгошунча, Иран жетекчилиги ядролук программага байланыштуу Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши, Евробиримдик жана АКШ киргизген экономикалык санкцияларды жеңилдетүү үчүн Вашингтон менен айрым бир сүйлөшүүлөргө барууда. АКШдагы RAND стратегиялык изилдөөлөр борборунун улук аналитиги Алиреза Надердин пикиринде, максат - экономиканы жакшыртуу:

- Иран истелишменти үчүн өздөрүнүн соңку сегиз жылдагы саясаты ойрон болгонун моюнуна алуу оор деп ойлойм. Азыр алар узак жылдар каршы чыгып келген маселесин кайра карап көрүү керек. Бирок аларда тандагыдай өзгөчө жолу жок деп ойлойм.

Роуханинин тарапкерлери
Роуханинин тарапкерлери
Ирандын башкөсөмү Аятолла Али Хаменейи азырынча президент Роуханинин сөзүнө өз мамилесин билдире элек. Бирок анын тышкы саясат боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти Иран президентин Нью-Йорктон келгенде күтүп алды. Батыш санкцияны алып салбаса же жеңилдетпесе, Роуханинин сынчылары баш көтөрөрү шексиз дешет серепчилер.

Иран АКШдан эмне күткөнүн ошол эле Жафари 30-сентябрда ачык кылды. Анын айтымында, бардык санкция токтотулуп, АКШнын банктарындагы Ирандын акчалары бошотулуш керек жана Ирандын ядролук программасына макул болушу абзел.

Ал эми таасирлүү диниятчы Мухаммед Тагхи Рахбар мамлекеттик салтанаттарда жана жума намаздарда “Америкага өлүм” деп кыйкырганды тыйуу керек, себеби бул адеп Куранга ылайыксыз деди.

XS
SM
MD
LG