Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Обама-Роухани болочок сүйлөшүүгө үмүт арттырды


Иран президенти Хасан Роухани БУУнун Башкы Ассамблеясынын 68-сессиясында сүйлөөдө.Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2013
Иран президенти Хасан Роухани БУУнун Башкы Ассамблеясынын 68-сессиясында сүйлөөдө.Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2013

АКШ жана Иран дипломаттарынын эки күндүк сүйлөшүүлөрүнө карабай, эки мамлекеттин лидерлери 25-сентябрда Нью-Йоркто кездешкен жок.

Жолугушуу Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы маалында болот деп боолгонуп жаткан. Бирок президенттер Барак Обама жана Хасан Роухани Ирандын ядролук программасы боюнча келишпестикти жөндөө боюнча сүйлөшүүнү жандандыруу зарыл экенин ачык шардана кылышты.

АКШ жана Иран президенттеринин өз ара кездешпегенине 36 жылдын жүзү болууда. Ирандагы Ислам революциясы кезде АКШнын Тегерандагы элчиканасы басып алынгандан бери Вашингтон-Тегеран арасында дипломаттык мамиле жок. Барак Обама жана Хасан Роухани жолукса, Ирандын ядролук программасына байланыштуу Тегеран-Батыш ортосундагы тирешти жөндөө мүмкүн болот деген үмүт бар эле.

Роухани бирок Франциянын президенти Франсуа Олландга жолукту. Франция да АКШ, Британия жана башка Батыш мамлекеттери сыяктуу Иран атомдук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп санайт.

Иран президенти Башкы ассамблеядагы сөзүндө Батыш менен так мөөнөтү аныкталган, максаты бар ядролук сүйлөшүүнү өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле Иран атомдук бомбалуу болууну көздөбөйт деген сөз негизсиз экенине токтолду:

- Ирандын ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөйт. Бул бардык башка өлкөлөргө да тийиштүү. Ядролук жана башка массалык кыргын салчу куралдарга Ирандын коргонуу доктринасында орун жок; бул биздин диний жана этикалык көз караштарыбыздын негизине каршы келет.

Хасан Роухани өлкөнүн ядролук программасына байланыштуу киргизилген эл аралык санкциялардан биринчи кезекте карапайым ирандыктар жабыр тартканын да белгилей кетти. Барак Обамага кайрылып, талаштуу маселени күч менен чечкенге умтулган топтордун талабын четке кагууга чакырды.

Барак Обама өз кезегинде АКШ Ирандын ядролук куралдуу болуусуна мүмкүнчүлүк бербөө ниетинен кайра тартпасын, бирок чатакты дипломаттык жол менен чечкенди колдоорун айтты:

Президент Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөндөн кийин ордуна баратат. Нью-Йорк, 24-сентябрь 2013
Президент Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөндөн кийин ордуна баратат. Нью-Йорк, 24-сентябрь 2013
- Ирандын ядролук программасына байланыштуу өз кооптонууларбызды тынч чечкенди оң көрөбүз; биз ошондой эле Ирандын ядролук куралды өнүктүрүүсүнө мүмкүнчүлүк бербөө үчүн чечкиндүү аракеттенебиз.

АКШ президенти Вашингтон-Тегеран арасындагы келишпестик "өтө терең" кетсе да тараптардын мунасага келүү үчүн мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенгенин да билдирди.

Тегеран элдешкис душманы деп эсептеген Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху Иран атомдук курал жасоо үчүн убакыт издеп жатат деп, Роуханинин сөзүн ачык “цинизм” катары мүнөздөдү.

Майкл О’Хэнлон - Вашингтондогу Бруклин институтунун улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча эксперти. Ал “Азаттыкка” маегинде Кошмо Штаттар президент Роухани менен сүйлөшкөнгө аябай кызыкдар болгондуктан, андай мүмкүнчүлүктү Обама колдон чыгарбайт деп, сүйлөшүүгө эки тарапта тең кубаттуу стимул бар экенине көңүл бурду. Ага карабай Иран менен сүйлөшүү тез эле ийгилик берерине О’Хэнлондун көзү жетпейт:

- Иран ядролук куралды каалабасын буга чейин айтканы эсимде. Алар ядролук курал исламга каршы деп тапкан. Негизин алганда Ирандын сөзүн чын деп ишенчү болсок, узак убактан бери үмүттөндүрүп жүрөт. Ошон үчүн мындай тилде айтылган сөзгө биротоло ишенгенден чочулайт элем.

АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф бейшемби күнү Ирандын ядролук куралы боюнча өтчү эл аралык сүйлөшүүгө катышат. Тараптар ортодогу келишпестикти жоюу үчүн канчалык мунасага бара аларын ушул сүйлөшүүдө маалым болот.

XS
SM
MD
LG