Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Коронавирустан дагы төрт киши каза болуп, 295 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 8-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт адам каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарында, дагы бири Ош облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 301 кишиге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 295 адамдан табылды.

Бишкек шаары – 68;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 87;
Ош облусу – 13;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 56;
Жалал-Абад облусу – 34;
Баткен облусу – 15.

Оору жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти.

Бир күндө 473 бейтап сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 67 873 киши болду. Ушул күндөрү ооруканада 2 426 адам жатат. Алардын ичинен 35 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1687 кишиники орто оор, 598 адамдын абалы оор деп бааланууда. Штаб 106 бейтаптын абалы өтө оор экенин кабарлады. Дагы 3 256 киши үйдөн дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жүрүшөт.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Августта өлүм учурлары катталбай калган. Сентябрдан тартып каза болгондор кайра катталып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG