Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 8-декабрда белгиленчү Конституция күнүнүн урматына 104 кишиге ырайым берди же жаза мөөнөтүн жеңилдетти.
Президенттин буйругуна ылайык, кылмыш үчүн айыпталган, бирок кылган ишине катуу өкүнгөн жана түрмөдө отурган кезде реабилитация жолуна түшкөнүн көргөзгөн кишилердин күнөөсү кечирилди. Ырайым берилген алты адам дароо бошотулду. 50 айыпкердин түрмө мөөнөтү шарттуу абакка кесүү менен алмаштырылды.
Күнөөсү кечирилгендердин арасында бир аял, 13 чет өлкөлүк жаран, жашы 60тан ашкандар жана тыюу салынган уюмдар менен топко мүчө болгондугу үчүн соттолгон 21 киши бар.
2016-жылы бийликке келген Мирзиёев мурдагы президент Ислам Каримовдон айырмаланып жүздөгөн кишинин күнөөсүн кечкен жана укук коргоочулар саясий туткун деп атаган бир нече журналистти, саясатчыны жана башка адамдарды түрмөлөрдөн бошоткон.
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө