Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Тажикстанда оппозициячыл саясатчы Одинаев эки айга камалды


Махмурод Одинаев.
Махмурод Одинаев.

Тажикстанда Гиссар шаардык соту Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, оппозициячыл саясатчы Махмурод Одинаевди эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Партиянын лидери Рахматилло Зойиров «Азаттыктын» тажик кызматына анын адвокаты болбогонун, ушундан улам саясатчынын укугу сакталып-сакталбаганы ага белгисиз экенин айтты.

Одинаев 5-декабрда эртең менен камакка алынган жана ага "бейбаштык" боюнча айып коюлган. Бирок саясатчынын тарапташтары анын камалашынын саясий өңүтү бар экенин айтып жатышат.

Башкы прокуратура Одинаев өткөн айдын аягында мурдагы аялы жана армияга чакырылган уулу менен Гиссар шаардык аскер комиссариатына келгенде коомдук тарипти бузган деп билдирген. Одинаевдин жакындары мындай доомат негизсиз экенин айтышкан.

Социал-демократтар партиясы Тажикстандагы жападан жалгыз оппозициялык күч болуп саналат. Бул партия өткөн айдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялап, талапкер көрсөтүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG