Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Евробиримдик дүйнөдөгү укук бузгандарга карата Магнитский санкциясын киргизет


Сергей Магнитский, «Hermitage Capital» инвестфондунун юристи. Москва. 2006-жылдын 16-ноябры.
Сергей Магнитский, «Hermitage Capital» инвестфондунун юристи. Москва. 2006-жылдын 16-ноябры.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бул 27 өлкө мүчө болгон уюмдун атынан бүт жер жүзүндө адам укуктарын бузгандарга каршы чектөө киргизген системаны түзүүгө биротоло макулдук беришти.

7-декабрда Брюсселде аяктаган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тышкы иштер министрлери санкциялык тартип тууралуу макулдашууга кол коюшту. Анда адам укуктарын коргоо Евробиримдиктин тышкы саясатынын негизги маңызын жана артыкчылыгын түзүп тураары тастыкталат.

Бул кадам Евробиримдикке бүткүл дүйнөдө, окуя кайсы жерде болгонуна карабастан, ар кандай адам укуктарын одоно бузууга жол берген кишилерди, уюмдарды жана мекемелерди, анын ичинде мамлекеттик мекемелер менен өкмөттүк эмес түзүмдөрдү бутага алууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Евробиримдиктин билдирүүсүндө баса белгиленген.

Тиешелүү жазага кабылган тараптардын банк эсептерин тоңдуруу, аларга виза бербөө сыяктуу чаралар камтылган бул жаңы механизм 10-декабрда – Адам укуктарын коргоо күнү расмий түрдө киргизилери күтүлүүдө. Айрым ысымдар «кара тизмеге» 2021-жылдын башынан тартып киргизилиши ыктымал экенин Евробиримдиктин расмий өкүлдөрүнүн бири «Эркин Европа/Азаттык» үналгысына маалымдады.

Мындагы «Магнитский» аталышы орусиялык аудитор Сергей Леонидович Магнитскийдин (1972, Одесса — 2009, Москва) ысымы менен байланыштуу. Ал Орусияда ири көлөмдө бюджеттик акча каражатын уурдоо ыкмасын ашкерелеген. Ал салык төлөөдөн качкан деген кине менен камакка алынып, 11 айдан ашуун тергөө абагында отурган жана 2009-жылы 16-ноябрда Москвадагы «Матросская тишина» тергөө абагынын ооруканасында шектүү кырдаалда көз жумган.

Маркум Магнитскийдин ысымы ар кандай авторитардык өлкөдө тайманбай күрөшкө чыккан укук коргоочулардын символуна айланган.

XS
SM
MD
LG