Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Орусия Европарламенттин чечимине нааразы


Сергей Магнитский
Сергей Магнитский

Европа парламентинин эл аралык комитети Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген орусиялык аткаминерлерге карата чечимди бир добуштан колдоду.

Чечим Европарламенттин декабрда өтө турган жыйынында каралып, бекийт. Ошондон соң ал аткаминерлерге Евробиримдикке кирген өлкөлөргө келүүгө тыюу салынып, алардын чет өлкөлөрдөгү байлыктары тоңдурулат.

Hermitage Capital корунун юристи Сергей Магнитский өткөн жылы Москвадагы убактылуу кармоочу жайда набыт болгон. Расмий бүтүмгө ылайык, Магнитский жүрөгү кармап, каза тапкан. Бирок Магнитскийдин адвокаттары жана укук коргоочулардын ырасташынча, анын саламаттыгы начарлаганда да медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес.

Сергей Магнитский 2008-жылы салык төгүүдөн качкан деген айып менен кармалган. Transparency International уюму Магнитский “Орусиянын Ички иштер министрлигиндеги паракор кызматкерлердин колунан мерт болгон” деп эсептейт.

Тергөөчүлөрдүн ырасташынча, Магнитский орусиялык бюджеттен 5,4 миллиард рубль уурдап алган. Бирок маркумдун кесиптештери андай акчаны чындыгында милиция кызматкерлери уурдаганын айтышат. Магнитский дал ошол кылмыштын жүзүн ачуу үчүн тартип коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганын белгилешет.

Европарламенттин комитети кабыл алган чечимде “Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар орусиялык 60 кызматкерге Евробиримдигине мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салуу жана биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тартип коргоо органдарынын орусиялык ошол кызматкерлердин банктардагы эсеп чоттору жана мүлктөрү камалышын талап кылат”,-деп жазылган.

Европарламенттин төрагасы Ежи Бузек буларды айтат:

- Сергей Магнитскийдин өлүмү терең кайгырууну жаратат. Биздин түшүнүгүбүздө ал паракорчулук менен күрөшкөн. Эми Сергей Магнитскийдин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү так иликтеп, ага да, буга да тартпай, алардын бетин ачуу маанилүү иш.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Косачев Европарламенттин комитетинин чечимине нааразы болду:

- Европалык кесиптештердин бул иште демейде болуучу тереңдикти мен көрбөдүм. Алардын баасы ачыктан ачык укукка карыш келген мүнөздө.

“Независимая газета” орусиялык адис Николай Злобиндин пикирин жарыялаган. “Европалыктар менен америкалыктар муну президент Д.Медведевге колдоо көрсөтүү үчүн жасаган кадам деп түшүнөт. Алар Орусия жетекчиси чындап эле паракорчулук менен күрөшөт деп ишенет. Алар ошол эле учурда анын колу байлануу экенин да түшүнөт”.

Орусиялык укук коргоочу Валерий Борщев мындай дейт:

- Балким адилеттик деген түшүнүк бар экендигин жана ал Орусияда да орношу керектигин түшүнүүгө Европарламент жардам берер.

XS
SM
MD
LG