Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Белгисиз кишилер атып кеткен ишкердин жакындары шектүүлөрдү жоопко тартууну талап кылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз кишилер атып кетишкен жеке ишкер Искендер Хамракуловдун жакындары 9-декабрда басма сөз жыйынын өткөрүп, кылмышка шектүүлөр жазага тартылбай жатат деп нааразылык билдиришти.

Окуядан катуу жаракат алып, оор абалда жаткан ишкердин апасы Манзура Умурзакова жана жубайы Диана Исманова акыйкат сурап, өкмөткө, ИИМге, УКМКнын жетекчилигине кайрылышты.

Манзура Умурзакова күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар болгону менен күч түзүмдөрү шектүүлөрдү кармай элек экенин айтты. Ал милицияны «иштебей жатат» деп сынга алды.

Искендер Хамракуловду быйыл 3-ноябрдын түнү Сузак районуна караштуу Пахта көчөсүндө жашаган өз үйүндө атып кетишкен. Шектүүлөр беш киши болгону жана автоунаа менен келгени, ишкердин үйүнүн алдында эки ирет ок атканы айтылган.

Октун бири Хамракуловдун сол бутуна, бири кошунасынын дарбазасына тийген. Аман калган жабырлануучунун бутуна Ош шаарында төрт ирет операция жасалган. Жакындары анын абалы дагы эле оор экенин жана аны аткандар кармалбаса, өмүрү коркунучта экенин билдирип жатышат.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына караганда, окуяга байланыштуу райондук ички иштер бөлүмү адам өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө жүрүп жатат. Шектүүлөрдүн кармалганы маалымдала элек. (TB/NT)

XS
SM
MD
LG