Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

<p>Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат. 9-декабрда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.</p> <p>Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова &laquo;каршы&raquo; добуш берген. Жыйынга катышкан башка депутаттар документти колдоп берген.</p>
16:41 10.12.2020

Келерки жылы президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү үчүн 858,4 млн. сом каралган. Мындай маалыматты өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков 10-декабрда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтуусунда, бул каражаттын ичинен 3373 млн. сом 10-январга белгиленген президенттик шайлоого жумшалат. Калганы парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө сарпталат.

Новиков референдум өткөрүү тууралуу парламенттин чечими чыкса, ага сарпталуучу каражат бюджет такталгандан кийин бөлүнөрүн кошумчалады.

16:38 10.12.2020

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 172,9 млрд. сом, чыгаша бөлүгүн 181,4 млрд. сом деп көрсөтүүдө. Мунун ичинен 146,8 млрд. сом корголгон беренелер. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу жана вице-премьер-министр Артем Новиковдун маалыматына караганда, мунун ичинен тышкы карыз төлөнөт, бюджеттик кызматкерлерге айлык акы, пенсия жана жөлөк пул берилет.

Кыргыз өкмөтү бюджеттин киреше бөлүгүн салык, бажы төлөмдөрүнөн, мамлекеттик мүлк фондунан жана башка тармактардан түшүүчү акча менен жабууга үмүттөнүүдө.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-декабрда 2020-21-жылдардын бюджетин талкуулап жатат.

Өкмөттүн депутаттарга берген маалыматына караганда, быйылкы жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 139,4 млрд. сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 172 млрд. сомду түздү. Артем Новиков ортодогу 29,8 млрд. сом таңкыстык коронавирус пандемиясынан улам пайда болгонун, бул кенемтени толтуруу үчүн эл аралык уюмдардан акча каражаты алынганын маалымдады.

14:24 10.12.2020

13:21 10.12.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG